Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Отунбаева: Бакиевди өлкөдөн чыгаруу - ошондогу туура чечим болгон


Ушу тапта "Азаттыктын" окурмандары менен "интернет-эрөөлгө" катышып жаткан Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 2010-жылдын апрелинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетүүсү боюнча суроого жооп берди:

"Соодалашуу болгон эмес. Өтө татаал кырдаал түзүлгөн. Бакиевди чыгарбаганга башка арга жок болчу. Ошол убакта ал түштүктө башаламандыктарды уюштуруп жаткан. Апрелде Назарбаев чалып, "азыр Вашингтондогу жыйында мен, Медведев, Обама чогуу турабыз, Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданып жатабыз. Бакиев элди бөлүп жибериши мүмкүн. Ошон үчүн өлкөдөн чыгарып кетели" деп сунуш кылышты. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кайрылдым. Бирок эч ким жоопкерчилик алгысы келген жок. Ошондо мен алдым. Биз туңгуюктан чыгышыбыз керек болчу", -деди Отунбаева.

Ал эми Жаныш Бакиевдин кантип качканы, Отунбаеванын айтымында, чындап белгисиз.

"Кантип Жаныш качып, Бакыт Калыев калып калганы бүдөмүк. Муну убакыт көрсөтөт", - деп билдирди экс-президент. (RK)

XS
SM
MD
LG