Степное айылындагы аялдар абагында кийим тигүү цехи жана соя өсүмдүгүнүн сүтүн чыгарып алуу цехи иштей баштайт. Жабдыгы орнотулуп жатат. Каржы маселесин Евробиримдик жана БУУ чечип берди. Ошондой эле бул жерде келечекте жөжө басып чыгаруучу инкубатор да иштей баштайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.
Кыргызстанда бир гана аялдар абагы бар. Ал №2 колония деп аталат. Бишкектин четиндеги Степное айылында жайгашкан. Аталган абакта үч жүздөй аял камалган, онунун колунда наристеси бар. (RK)
Кыргызстанда бир гана аялдар абагы бар. Ал №2 колония деп аталат. Бишкектин четиндеги Степное айылында жайгашкан. Аталган абакта үч жүздөй аял камалган, онунун колунда наристеси бар. (RK)