Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Пакистанда кар көчкү басып калган аскерлерди издөө уланууда


Дүйнөдөгү эң бийик Гималай тоо кыркаларындагы Каракорум тоосундагы Сиачен мөңгүсүнө чукул жерде жайгашкан аскер лагерин кар көчкү басып, жүздөн ашуун жоокер дайынсыз.

Сиачен мөңгүсү Индия менен Пакистандын ортосунда талаш жараткан Кашмир аймагында жайгашкан. Аталган эки өлкө тең бул аймакта өз аскерий күчтөрүн кармайт. 1984-жылдан бери эки көңшу өлкөнүн бул жердеги аскердик күчтөрү такай кагылышып турат.

Деңиз деңгээлинен 6 миң метрден ашуун бийиктикте жайгашкан Сиачен аймагында кызмат кылган аскерлер климаттын катаалдыгынан көп мерт болот.

XS
SM
MD
LG