Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Баку: оппозиция президентке катуу талаптарды койду


Жекшемби күнү Азербейжан оппозициясынын “Коомдук палата” кыймылы уюштурган митингге он миңге чукул адам катышты. Полиция болсо митингге келгендердин санын он эсе азайтып айтууда. “Азаттыктын” Бакудагы кабарчысы билдиргендей, митингде сүйлөгөн оппозиция лидерлери Азербейжанда коррупция болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин, нефтинин кирешеси акыйкат бөлүштүрүлбөй жатканын жана өлкөдө демократиялык баалулуктар таптакыр жоголгонун айтып, президент Илхам Алиевди катуу сындашты.

"Мусават" партиясынын лидери Иса Гамбар “Азербейжанда бийлик алмашуу жакындап калганын, алиевдик доор аяктаганын” айтты. Митинг соңунда резолюция кабыл алынып, анда саясий себептер менен камалгандардын боштондугун, ушул жылы мөөнөтсүз парламенттик шайлоо жарыяланышын жана Карабах проблемасын чечүүнү талап кылышты.

XS
SM
MD
LG