Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Чет өлкөлүк студенттер кыргыз тили боюнча таймашат


Бүгүн Бишкектеги кыргыз-орус Славян университетинде чет өлкөлүк студенттер арасында кыргыз тили боюнча "Кыргызстан+" аталган оозеки сынак өтөт. Уюштуруучулар билдиришкендей, мелдешке Корея, Кытай, Тажикистан жана Түркмөнстандан келген студенттер катышат. Сынак үч бөлүктөн туруп, катышуучулардын кыргыз тилинде так, таза сүйлөөсү, сөздөрүнүн мазмуну, тилдин адабий нормаларынын сакталышы бааланат. Мелдештин максаты - Кыргызстанда жашап жаткан элдердин ортосундагы достукту мамлекеттик тил аркылуу өнүктүрүү жана бекемдөө. (KKs)

XS
SM
MD
LG