Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:39

Бишкекте секелек кызды зордуктаган адам кармалды


Бишкектин Аламүдүн кичи районунда жашы болжол менен 6-8деги кызды зордуктап жаткан жеринен кылмышкер кармалды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Милициянын билдиргенине караганда, ал кызды шоколад берип алдап, №1 мектептин жанындагы курулуш жүрүп жаткан ээн жерге алып кеткен. Кылмышка шектүү адам 1976-жылы туулган Лебединовка айылынын тургуну экени аныкталды. Ал мурда уурулук үчүн түрмөгө отуруп чыкканы айтылууда. (RK)

 

XS
SM
MD
LG