Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

HRW: Сирияда төрт айда 100дөн ашык адам атылды


Эл аралык Хьман Райтс Уоч уюмунун маалымдашынча, Сирия бийликтери акыркы төрт айда 100дөн ашуун адамды өлүмгө өкүм кылып аттырган. Анын ичинде президент Асаддын режимине каршы көтөрүлүштүн очогу - Хомс жана Идлиб провинцияларында адамдар топ-тобу менен атылган учурлар болгон, - деп айтылат баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун билдирүүсүндө. 13 айдан бери жүрүп жаткан кандуу булоонду токтотуу боюнча Улуттар Уюму жана Араб Лигасынын чабарманы Коффи Аннан сунуш кылган план ишке ашпайт окшойт. Себеби, Асаддын аскерлер шаар-кыштактардан чыгып кеткенден мурда көтөрүлүшчүлөр урушту токтотобуз деп өзүнө милдеттенме алсын деген күтүүсүз талабын алар четке кагышты. Бул план 10-майда ишке кирүүгө тийиш.

Ырасмий Дамаскинин оболу козголоңчулар урушту токтотсун деген талабын Франция “ынангыс” иш деп атады. Сирия өкмөтү адаватчыларды чет өлкөлөрдөн оппозицияны куралдандырууну токтотууну да талап кылган.

XS
SM
MD
LG