Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Оппозиция бийликке дагы он күн чектеди


Жалал-Абаддагы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00
Түз линк

Жалал-Абаддагы митинг, 10-апрель.

Оппозиция Жалал-Абаддагы митингинде өлкө калкына кайрылуу кабыл алып, талаптарын аткарууга бийликке он күндүк мөөнөт берди.

Нааразылык акциясына көз каранды эмес эксперттер жети-сегиз миң, ички иштер башкармасы беш миң, митингдин уюштуруучулары 25-30 миң адам катышканын билдиришти. Анткени менен серепчилер өлкөнү саясий иш-аракеттер, митинг аркылуу өнүктүрүү мүмкүн эместигин айтышууда.

Оппозициялык партиялар уюштурган 10-апрелдеги митингге өлкөнүн бардык аймактарынын өкүлдөрү катышты. Митинг соңунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров буга дейре Ош, Баткен облустарында болгон митингдин талаптарына бийликтен жооп болбогонун белгиледи. Ал Жалал-Абадда бүгүн өткөн нааразылык акциясы кабыл алган өлкө калкына кайрылууну окуп, анда бийликке алты талап коюлганын жана аны аткарууга он күн мөөнөт берилерин билдирди:

- Өкмөт отставкага кетсин! Бул талаптарды аткарууга 21-апрелге чейин убакыт беребиз. Экинчи – Кыргыз Республикасынын президенти жана Жогорку Кеңешинен эл ишениминдеги профессионалдуу, кесипкөй өкмөт түзүүнү талап кылабыз. Үчүнчү - Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык жыйын чакырылсын деп Кыргыз Республикасынын президенти менен Жогорку Кеңешинен талап кылабыз. Төртүнчү - 2010- жылкы апрель жана июнь окуяларына күнөөкөр адамдар мыйзамдуу жазасын алсын деген талапты коюп жатабыз. Эгер бийлик элдин талаптарын укпаса, анда биз республиканын бүткүл аймактарында жакынкы мезгилде каршылык акцияларын баштап, президенттин отставкага кетүүсүн талап кылууга мажбур болобуз.

“Ата-Журт” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев башкаруу системасын кайра калыбына келтирүү демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, жогорку бийлик элдин үнүн укпаган мурунку бийликтин жолуна түштү:

- Миллиондогон адамдар мамлекеттик башкарууга нааразы болуп олтурса, аларга көңүл бурбай отурушат. Бул деген мамлекеттик башкаруудагы системанын жок болушу жана бүлүнүшү. Мамлекет, эл-жер, тартип, мамлекетти коргоо, Мекенди сүйүү – эртеңки келечекти аныктоо – мунун баары мамлекеттик башкаруунун системасында турат.

Карапайым жарандар саясатчылардын куралына айланып жатканына тынчсызданган Жалал-Абаддын тургуну Нуркан Койчуманованын пикиринде, өкмөттүн маселесин сыртта өткөн митинг жолу менен эмес, Жогорку Кеңештин сессиясында караштырса болмок. Анткени, өкмөттүн курамын бекитүүгө ушул эле оппозициялык партиялардын депутаттары да катышкан:

- Элди митингге алып чыгып, өздөрүнүн үнүн бийликке жеткиргиси келгендердин да максаты бийликке баруу да. Эгерде Кыргызстан оңолсун десе ушу эки жүздөй саясатчы Кыргызстанды тейлеп, жыйырма жылдын ичинде нары-бери калчап, дүйнө жүзүнө өнүкпөгөн мамлекет катары көрсөтүп, болгон береке-байлыгыбызды чачып, канча элибизди кул кылып, талаага чыгарып жиберди. Ушу саясий чөйрөдө өзгөрүү болмоюнча, жаңы элиталар келмейинче, заманыбыздын өзгөрүүсүнө да көзүбүз жетпейт. Жан дүйнөбүзгө төңкөрүш жасабасак, биз дагыле саясаттын кулуна айланып калабыз. Чыр-чатак болгон жерден ырыскы-береке качат дейт. Мен муну элиме каалабайт элем.

Ысык-Көл облусунан келген Казыбек Шайымбеков Элдик курултай аркылуу башкарууну жаңыртуу жана 1993 - жылы кабыл алынган Баш мыйзамды калыбына келтирүү сунушун билдирди:

- Эң негизги максатыбыз - кыргыздын баалуулуктарына кайтып келүү.1993-жылкы Конституцияны алып келип туруп, кайра башташыбыз керек. Кыргыз эли өзү билет, кимге баш ийет, ким башкарат. Кыргыз эли бирөөгө кул болгон эмес жана кул болбойт.

Анткени менен өкмөттү кызматтан кетирүү талабына “Республика” партиясынын Ноокен районундагы координатору Жоробай Сайпидинов макул эмес. Анын пикиринде, өкмөткө убакыт берүү абзел, анткени үч айдын ичинде элдин талабынын баарын аткаруу мүмкүн эмес:

- Митингде “Өкмөт кетсин,Бабанов кетсин!” деп атышат, бул жөн эле айтылып жаткан сөз деп ойлойм. Өкмөттүн иштегенине мына үч ай болду. Бул арада кыйла иштерди жасады. Эл митинг жасап жүрсө ,Бабанов өтүктү кийип, суу кечип, ылай кечип, элге жардам берип жүрөт. Жыйырма жыл оңдолбогон Кыргызстанды үч айда эле оңоп коёбу? Үч-төрт жыл ичинде мамлекеттин экономикасын көтөрсө болот. Мындай митингдерди токтотуу керек. “Иштебеди, иштебеди” деген менен жети пайыздык кредиттерди эч ким берген эмес. Эл иштеп, кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрүүсү керек.

Жогорку Кеңештин митингге катышкан вице-спикери Бөдөш Мамырова элди аймактарга бөлүп-жаргандарды жоопко тартууну сунуштады. Элдин бөлүнбөй турганына ишенген “ар-намысчы” депутат өз кызыкчылыгын көздөгөндөр ушул ыкманы пайдаланганына токтолду:

- “Бүгүн эле жашоону май көл, сүт көл кылып, бизди Швейцарияга айландыр”, - деп бирөөңөр айттыңарбы? Айткан жоксуңар! Баарыңар түшүнүп турасыңар. Казынабыздын түбү тешилип калганын билесиңер.

Губернатор Азизбек Турсунбаев облустагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө даярдыгын билдирип, оппозиция менен өкмөт башчынын мамилесин оңдоо үчүн сүйлөшүү зарылдыгын белгиледи:

- Эгер бийликке сөздөр болсо, биз аларды жеткиргенге аракет кылалы! Кечээ премьер-министр Бабанов менен сүйлөштүм. Адахан Мадумаров, биздин депутатыбыз Камчыбек Ташиев да жолугушуу болду дейт. Мындай жолугушуулар мындан кийин да болсо, чечилбеген маселелер болбойт. Кандай маселе болсо да чечилет.

Тынч маанайда өткөн митингдин коопсуздугун тартип сакчылары, ички иштер аскерлери, элдик кошуун мүчөлөрү камсыз кылып турушту.

Оппозиция алгачкы мындай митингин жаз башында -1-мартта Ошто өткөргөн. Ушундай эле митинг 31-мартта Баткенде өтүп, ал алгачкысынан элдин аз катышканы менен айырмаланган. Бул эки митингде да бүгүнкүдөй эле талаптар коюлуп, аны аткарууга бийликке убакыт чектелген.

Оштогу митингден кийин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов оппозиция лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев менен жолугуп, оппозиция менен ачык диалог курууга даярдыгын билдирген.


Сүрөт баян: Жалал-Абаддагы митинг

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG