Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Польшада президенттин учагынын кулашын иликтөөнү талап кылган митинг өттү


Кечээ Варшавадагы орус элчилигинин алдына чогулган демонстранттар 2010-жылы Орусиянын Смоленск шаарында токойго кулап түшкөн учак чабуулга кабылган деп ишенишет. Ал учакта президент Лех Качински жана 95 башка жүргүнчү бар болчу, баары набыт болушкан.
Митингге чогулгандар ал окуя Орусиянын авиация жетекчилиги жана Польшанын өкмөтү айткандай “жөнөкөй кырсык” болгон деп ишенбей турганын, ал президентке каршы чабуул болгон деп билишээрин айтып, орус премьери Владимир Путиндин куурчак сымал колдо жасалган сөлөкөтүн өрттөштү.
Демонстранттардын көпчүлүгү курман болгон президенттин бир тууганы Ярослав Качинскинин тарапкерлери болчу. Я.Качински өзү соңку мезгилдерде бир тууганынын өлүмү чабуул менен байланыштуу болсо керек деген өңдүү божомолдорун айтып жаткан.

XS
SM
MD
LG