Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Аннан Иранды жардамга чакырды


Cирия боюнча эл аралык чабарман Кофи Аннан Дамаскинин негизги союздашы Иранга кайрылып, Сириядагы коогалаңды басууга жардамдашууну өтүндү. “Куралдуу чатакташуу улана берсе, алааматка айланат”, - деп билдирди ал Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи менен Тегеранда кездешкен соң журналисттерге.

Аннан тынчтык планын сактап калуу үчүн Дамаск армияны жана танктарды козголоңчу шаарлардан чыгарып кетүүгө жана каршы тараптар 48 саатка ок атышууларды токтотуусуна жетишкенге аракет кылууда.

Салехи өз сөзүндө Сириядагы коогалаңга карабай, кыйраканга алып барчу “бийлик ваакумун болтурбас үчүн Башар Асад президент бойдон кала берүүгө тийиш” деди.

XS
SM
MD
LG