Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Ыктымал табигый кырсыктарга даярдык талкууланат


Жаз, жай айларындагы сел жана жер көчкүнү алдын алуу боюнча республикалык штаб бүгүн жыйынга чогулат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында штабдын ыктымал табигый кырсыктарга даярдыгы талкууга алынат. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев жетекчилик кылган штабдын жыйынына министрлер, мекеме жетекчилери жана губернаторлор катышат. Буга чейин Кыргызстанда жаз-жай мезгилинде сел коркунучу жогору болоору эскертилген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG