Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Жолдо кар күрткүсүнө кирип кеткен жүргүнчүлөр аман калды


Токмок шаары жакта унаа жолдо келатып кар күрткүсүнө кирип кеткен унаанын ичиндегилер аман куткарылышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлайт.

Анын айтымында, ушул түнүн саат 02:35 чамасында Бишкек - Торугарт унаа жолунун 63-чакырымында Фольсваген-Пассат үлгүсүндөгү (мам.№ В 85-87 I) автоунаанын айдоочусу 1978-жылы туулган С.Давтлетов (Чүй районунун тургуну) рулду башкара албай калып, кар күрткүсүнө кирип кеткен.

Окуя болгон жерге ӨКМнын Токмок шаардык “Куткаруу кызматы” барып, автоунаанын ичинде кысылып калган айдоочуну жана жүргүнчүнү атайын шаймандар менен чыгарышкан. Жабыркагандардын жарааты жеңил болгондуктан медициналык жардамдан баш тартышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG