Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Оппозиция өкмөткө шарт койду


Кыргызстандагы оппозициялык «Адилет Келечек» саясый кыймылы бүгүн билдирүү таратты. Анда өкмөт сунуштап жаткан сүйлөшүү теле аркылуу түз ободо көрсөтүлүшү керек, болбосо, жабык өткөргөн сүйлөшүүнүн кереги жок экени айтылат.

Оппозициялык «Адилет Келечек» саясый кыймылынын лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен КТРКда түз эфир аркылуу бетме-бет жолугушууга даяр экенин билдирет. Учурда алар өкмөт башчыдан түз телеэфир качан жана кайсы жерде болоору тууралуу чакырууну чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Бирок, «Адилет Келечек» саясый кыймылы өкмөт башчы сунуш кылып жаткан жабык өтүүчү тегерек үстөлгө катышуудан баш тартат” – деп айтылат оппозициянын билдирүүсүндө.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов буга чейин айрым маалымат булактарына "Ата Журт" партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев менен, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен жолукканын айткан болчу. Өкмөттүн кетүүсүнө кандай негиз бар экенин так айтууну, балким, бийликтен беш киши, оппозициядан беш киши отуруп сүйлөшүү өтөөрүн, оппозиция душман эмес экенин, маселени тирешүү эмес, сүйлөшүү жолу менен чечиш керектигин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG