Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Баткенде митингге чыккандар тарашты


Аймактагы кабарчыбыздын билдиришинче, мамлекеттик администрациянын имаратынын алдына митингге чыккандар тарады. Алар чек араны тактоо иштери кечигип жатканын, облустагы күйүүчү майдын тартыштыгын, жер семирткичтердин кымбаттыгына байланышкан маселелерди айтышып, буларды тезинен чечүүнү талап кылышты.

Түштөн кийин нааразылык акциясына чыккандар менен облус губернатору Жеңиш Раззаков жана Баткен районунун акими Мурат Калыков жолугушуп, айтылган талаптарды өз укугунун алкагында чечүүгө, аткарала албай турганын борбордук бийликке жеткирүүгө убада берген соң митингчилер тарап кетишти.

Митингге 200дөй адамды чыкты. Алардын дээрлик көпчүлүгү жаштар болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG