Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:28

Өкмөт-оппозиция жолугушуусуна өкмөт өкүлдөрү толук келди


Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өкмөт менен оппозициянын жолугушуусуна даярдык көрүлүүдө. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, премьер-министр Өмүрбек Бабанов, ички иштер, юстиция, каржы жана маданият министрлери келди. Аксакал катары коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков да катышмай болууда. Оппозициядан чакырылган "Ата Журттан" Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков жана "Бүтүн Кыргызстандын" лидери Адахан Мадумаров азырынча келе элек. (ZB/RK)
XS
SM
MD
LG