Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Өкмөт башчы Бабанов Баткенге барды


Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов бүгүн Баткен облусунда иш сапар менен жүрөт. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, эртең менен ал Баткен районунун Карабак айылындагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү менен таанышты. Аталган айыл тургундары жер астынан чыккан суу эгин талааларын, элдин үйлөрүн каптап жатканын айтышты. Жер астынан чыкчу сууну ылдый тартып туруучу 27 скважинанын 22си иштебей турганын маалымдашты.

Жаңы-Жер айылында өкмөт башчы келечекте курула турган каналдын долбоорун көрдү. Курулуш иштерине 200 миллион сом керек болуп жатканы айтылды.

Ушу тапта Бабанов Кадамжай районундагы Бүргөндү айылын кыдырып жүрөт, суу өткөргүч системанын иши менен таанышууда.

Түштөн кийин өкмөт башчы Баткен шаарында эл менен жолугат. Бишкектен Тажикстанга кара май ташыган оор жүк ташуучу унаалар бузду делген жолдорду барып көрөт. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG