Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Жалал-Абадда майыптарга үй берилди


Бүгүн Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү болгон 40 кишиге жаңы салынган көп кабаттуу үйдөн батир берилди. Үйдүн ачылыш салтанатына облуста иш сапар менен жүргөн премьер-министр Өмүрбек Бабанов катышты.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти Калык Мамбетакуновдун айтымында, Жалал-Абад облусунда 178 майып аталган уюмда каттоодо турат. Алардын 58и шаарда турат.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов облустагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып, эл менен жолукканы барды.

Кабарчыбыздын айтымында, ал Сузактагы Кара-Дарыянын жээгин бекемдөө иштери менен таанышат. Андан кийин Базар-Когон, Ноокен райондорун кыдырат. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG