Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Журналистти бычактагандарды тапканга сыйлык берилет


Казакстанда полиция “Урал жумалыгы” гезитинин журналисти Лукпан Ахмедьяровду айосуз сабап, бычактап кеткендерди табууга көмөктөшкөндөр үчүн сыйлык жарыялады. Полициянын божомолу менен учурда 18-20 жаштагы азиат улутундагы жигиттер изделүүдө. Эки күн мурун токмоктолгон Ахмедьяров бүгүн араң эсине келди, бирок абалы оор бойдон. Аны кесиптештери окуяны кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатышат.

"Уральская неделя" гезитинин башкы редактору Тамара Эслямова акыркы кезде Ахмедьяровдун үй-бүлөсүнө бир нече ирет коркутуу болгонун айтты. Журналист Жаңы-Өзөндөгү 16 адамдын өмүрүн алган окуя үчүн бийликти айыптап, митингде сөз сүйлөгөн болчу.

Мартта аны бир канча жолу полиция кармаган. Нью-Йоркто жайгашкан журналисттерди коргоо комитети Казакстандын бийлигин журналистке байланышкан окуяны дыкат иликтөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG