Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Кыргызстан: интеллигенттердин коомдук палатасы түзүлөт

Бүгүн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда интеллигенциянын II курултайы өттү. Кабарчыбыз Заирбек Бактыбаевдин билдиришинче, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова катышып, сөз сүйлөдү. Курултайда негизинен Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна интеллигенциянын үнүн кошуу тууралуу сөз болду. Соңунда интеллигенттердин коомдук палатасын түзүү тууралуу резолюция кабыл алынды.

Биринчи курултайды мындан 52 жыл мурда коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер, маркум Исхак Раззаков өткөргөн экен. (EBM)
XS
SM
MD
LG