Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Жаңы конуштун балдарына классикалык концерт тартууланат


Экс-президент Роза Отунбаеванын эл аралык фонду Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда жашаган мектеп окуучулары үчүн классикалык музыка концерттерин уюштурат. Бул тууралуу бүгүн "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондунан кабарлашты. Акциянын максаты - 6-11-класстардын окуучуларынын музыкалык табитин жакшыртуу, дүйнөлүк классика менен тааныштыруу. "Музыка менен бирге" долбоорунун алкагында мектеп окуучулары симфониялык оркестрди, музыкалык аспаптарды өз көзү менен көрө алышат. Долбоор 10 жаңы конушта жашаган 400 окуучуну камтыйт. Концерттер үч күн бою Кыргыз улуттук консерваторияда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG