Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Милиция: Үй-бүлө чатагын жөнгө салуу бөлүмүн ачуу керек


"Биз үй-бүлө чыр-чатактарын жөнгө салуу үчүн атайын бөлүм ачууну ойлоп жатабыз", - деп билдирди Бишкекте өткөн "тегерек үстөл" талкуусунда Ички иштер министрлигинин коомдук тартип башкармалыгынын башкы инспектору Азамат Абдрахманов. Анын айтымында, бул бөлүмдө атайын даярдыктан өткөн юристтер, психологдор иштешмек.

Бийлик жана жарандык коом өкүлдөрү катышкан бул талкуу аялдар темасына арналды. Аны IWPR уюму уюштурду.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдар жардам сурап кайрыла турган мамлекеттик жайлар жок болуп жатканын айтты.

Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева жакынкы арада парламентте ала качуу үчүн жазаны катуулатуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынаарын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG