Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Лейлекте сел каптаган 27 үй кыйрады


Ушу тапта Баткен облусунда нөшөр жаандан чыккан селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагында суу каптаган 27 үй кыйрап, жашаганга жараксыз болуп калды. Эли аман. Эки үч күндөн бери жаап жаткан жаан азыр токтоду, бирок күн бүркөк экени айтылууда. Суу каптаган үйлөрдүн саны 300гө жетти. Жети жерде арык жуулуп, Исфана – Кулунду автожолунун айрым жерлери да жуулуп кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG