Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Гаагада Либериянын экс-президентине өкүм чыгат


Либерияга коңшу Сьерра-Леонедеги ички согушта "канга малынган алмаз ташын" алып, ордуна козголоңчуларга курал саткан деп айыпталган Чарлз Тейлордун үстүнөн жүрүп жаткан сотто бүгүн өкүм чыгат деп күтүлүүдө.

Бириккен улуттар уюмунун Согуш кылмыштары боюнча трибуналы Тейлорго Сьерра-Лионедеги 1990-жылдардагы ички согушта козголоңчуларды колдоп, аларга жетекчилик кылган деген айып койгон. 50 миңдей киши өлтүрүлгөн ал согушта тараптар өзгөчө канкордугу менен айырмаланган.

Тейлорго ошондой эле согушка акчаны Сьерра-Леонед мыйзамсыз казылган алмаз ташын сатып, тапкан деп күнөөлөнгөн. Буга чейин Гаага трибуналында бир да мурдагы мамлекет башчысына өкүм чыгарылган эмес. Бул сотто Югославиянын экс-президенти Слободан Милошевич соттолуп, бирок ал сот өкүмүн чыгара электе көзү өтүп кеткен.

XS
SM
MD
LG