Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Ат чабыш фестивалы Мургабда өтөт


Кыргыз жылкысын өстүргөн мургабдык кыргыздар
Кыргыз жылкысын өстүргөн мургабдык кыргыздар
Кыргыз жылкысын сактап калуу максатында иш алып барган уюмдун билдиришинче, төртүнчү жолку фестивал Чыгыш Памирде адаттагыдай эле 14-15-июл күндөрү өтөт.

Америкалык Кристенсен кору, Франциянын элчилиги колдогон фестивалдын уюштуруучусу Жаклин Репар Мургабдагы майрам кыргызстандыктар үчүн да саякаттап жер таануу менен катар, Тажикстанда татаал шартта жашаган улутташтары менен таанышууга мүмкүндүк берээрин белгилеп, буларды кошумчалады:

- Бул майрам туристтер үчүн эмес, жергиликтүү салтты жандандыруу үчүн өткөрүлөт. Биринчи кезекте бул кыргыздар үчүн уюштурулган кыргыз фестивалы. Мургабда көп кыргыз жашайт, бирок бул аймактагы бирден-бир иш-чара.

Жылда июлдун ортосунда өтүп келаткан көчмөндөрдүн майрамында боз үйлөр тигилип, ат чабылат, улуттук оюндар ойнолот, акындардын айтышы, кол эмгектеринин көзргөзмөсү болот. jch

Кошумча маалымат:
http://www.atchabysh.org/index.php/lang-ru/festivalmenu.html

XS
SM
MD
LG