Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Кандын эң байыркы үлгүсү табылды


Италиялык жана немис илимпоздору байыркы адамдын калдыктарында кандын издерин табышканын билдиришти. Болзанодогу мумиялар институтунун изилдөөчүлөрү мындай ачылышты 1991-жылы Альпыдагы музда табылган адамдын сөөгүн изилдеп атып жасашкан. Отци деген ат менен белгилүү адам мындан 5 миң 300дөй жыл мурун жашаган жана 45 жашында жебеден өлгөн деп болжолдонууда. Окумуштуулар жебе кирген жерден кандын кызыл клеткаларынын - эритроциттерди бөлүп алышты. Маалымат Британияда чыгуучу илимий журналда жарык көрдү. Бул ачылыш криминалисттердин ишине жардам бермекчи.

XS
SM
MD
LG