Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Франция: Саркози менен Олланд теледен кайым айтышты


Франция президенттигине ат салышып жаткан эки талапкер Николя Саркози менен Франсуа Олланддын телеканал аркылуу кайым айтышуусу курч мүнөздө өттү. Дебаттын жүрүшүндө талапкерлер программасы менен тааныштырбай эле бирин-бири айыптап отуруп алышты. Азыркы президент Саркози атаандашы Олланды өлкөнү кризистен алып чыга албай турганын айтып, анын экономикалык программасын сынга алды.
Олланд болсо Саркози президент болуп турган убакытта жумушсуздардын саны кескин өсүп, өлкөнүн тышкы карызы көбөйүп, соода дефицити да рекорддук көрсөткүчкө жеткенин айтты. Францияда шайлоонун экинчи айлампасы 6-майда өтөт.

XS
SM
MD
LG