Бүгүн Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун символу болуп калган “Георгий тасмаларын” таратуу боюнча акция башталат. Бир катар коомдук уюмдар, партиялардын өкүлдөрү кара-кызгылт түстөгү тасмаларды көчөлөрдө, коомдук жайларда жарандарга таркатышмакчы. “Замандаш-Современник” партиясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тасмалар демилгечи топтордун жардамы менен Моксвадан алынып келинген. Акция 9-май, Жеңиш күнүнө чейин уланмакчы. (KKs)