Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Кытай-АКШ укук коргоочу Чэн боюнча мунасага келүүдө


Мамкатчы Клинтон Бээжинде туруп, АКШнын Кытайдагы элчиси Гэри Лок укук коргоочу менен сүйлөшкөнүн, Чен АКШга окууга барууну кааларын билдиргенин айтты:

- Башынан бери эле Чен мырза боюнча биздин аракеттер анын баалуулуктары менен каалоосуна жараша болду. Бүгүн биздин элчи аны менен сүйлөштү. Биздин элчиликтин кызматкерлери менен дарыгер дагы аны менен кездешти. Ал болсо үй-бүлөсү менен АКШга окууга барууну кааларын билдирген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги укук коргоочу Чэн Гуаңчэң катардагы жарандардын бири катары чет өлкөдө окуу үчүн уруксат сурай ала тургандыгын мурдараак билдирген.

Буга чейин алты күн Бээжиндеги АКШ элчилигинде баш калкалап оутрган Чен шаршембиде элчиликтен өз эрки менен чыгып кеткен. Бирок ага улай эле Кытайдан кетүү ниетин билдирген. Чен жумага караган түнү АКШ Конгрессине жардам сурап кайрылган. Кесиби боюнча юрист, эки баланын атасы Чэн Гуаңчэң Шандун провинциясында үй камакта отурган. Ал аялдарды күч менен төрөттөн ажыраткан саясатка каршы турганы менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG