Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Ош: жабык чек ара жашылчаны кымбаттатты


Оштогу "Достук" чек ара бекети расмий түрдө ачык делгени менен жашылча-жемиштер бул жерден ташылбаганы айтылууда.
Оштогу "Достук" чек ара бекети расмий түрдө ачык делгени менен жашылча-жемиштер бул жерден ташылбаганы айтылууда.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жашылча-жемиштер быйыл жылдагыдан 30 пайыздай кымбат.

Буга негизинен жаздын кеч келиши жана Өзбекстандын чек арасы жабыктыгы себеп болуп жатканы айтылууда.

Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борборунун Оштогу өкүлчүлүгү аймактагы базарларды иликтөөлөрдөн кийин Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы алып сатуу алакасы буга чейин болуп көрбөгөндөй кыскарганын айтып чыкты. Борбордун менеджери Тынысбек Турдубеков буга чек ара жабыктыгы себеп болгонун белгилейт:

- Кыргызстанга ташып келүүлөр да, Өзбекстанга бизден алып кетүүлөр да 70 пайызга чейин кыскарды. Мурда бир эле бекеттен күнүнө 100 тоннага чейин продукция ары-бери өтүп турган болсо, азыр алар килограммдап араң өтүп атат. Өзгөчө так ушул мезгилде жашылча-жемиштер абдан көп келчү эле, алардан азыр дээрлик дайын жок. Бул эми ошо чек ара тилкесинин жабыктыгынан болуп жатат.

Турдубековдун айтымында, эки өлкө ортосунда учурда «Достук» өткөрмө бекети гана толук кандуу иштеп жатат. Бирок тынымсыз күзөтүүдөн улам ал жерден жашылча-жемиштер ары-бери ташылбай жатканы белгилүү болду. Ал демек ишкерлер аткезчилик жол менен иш кылууда деп эсептейт:

- Аткезчилик жол менен товар ташып келүүлөр Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен бардык райондорунда эле кездешет. Ошол эле Жалал-Абаддын Ала-Бука, Ноокен, Сузак районунан, бул жагынан Ош областынын Араван жана Кара-Суу райондорунан, Баткен облусунун чек ара тилкелеринен ишкерлер түн жамынып ташып өтүшөт. Болбосо бажычылар өз үлүшүн берип, же пара берип алып өтүшөт. Анткени чынында муктаждык бар.

Адис белгилегендей, аймактагы Кара-Суу, Халмион жана Маданият базарларында помидор, бадыраң жана түрп өңдүү жашылчалар жалаң аткезчилик жол менен ташылып келинген. Ошого карабай алардын баасы жылдагыдан кымбат сатылууда.

Кара-Суу базарынын сатуучусу Самара Кабылованы угалы:

- Бадыраңды 50-60 сомдон, помидорду 140-150 сомдон, түрптү 35 сомдон сатып жатабыз. Былтыры так ушул мезгилдерде помидор 30-40 сом, бадыраң 20 сом эле. Айла жок, эл нааразы болсо да алып атышат.

Соодагер ошондой эле азырынча жергиликтүү дыйкандардын жашылчалары базарга чыга электигине токтолду:

- Жашылча-жемиштердин кымбат наркта болуп жатканынын биринчи себеби - кыштын кеч чыкканы. А экинчи себеби, ошо Өзбекстандан көп келбей жатканы. Жашырынып, же башка жолдор менен алып келип атышат, ошентсе да аз. Жылда бул мезгилде Аравандан да жашылчалары бышып калат эле, быйыл алар да жок.

Канткен менен жашылча-жемиштердин али да арзандай электиги карапайым калкты азапка салып жаткандай. Тургундардын бири Назгүл Бостонбаева мындай деди:

- Чындыгында быйылкы базар баасы элди көп түйшүккө салды. Базарга түшсөң 500 сомго бир отуруп жей турган жашылча сатып аласың. Кененирээк бир нерсе алып жей албайсың. Колунда барлар эле каалашынча сатып алып жебесе, карапайым адамдар ушу күзгө чейин курук эле чай ичип турчудай...

Өзбекстан тарап Кыргызстан менен чек арасын 2010-жылкы Оштогу коогалаңдан кийин жаап салган. Мунун айынан чек арага жакын жайгашан базарлардын да соодасы солгундап кеткени айтылып келет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG