Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Укук коргоочулар: Көп балдар дайынсыз жоголууда


Балдардын укугун коргоочулар лигасы тез арада балдардын жоголуп жатышы боюнча коомдук угуу уюштуруу керек деп эсептейт. Укук коргоочулар бүгүн тараткан билдирүүсүндө балдардын дайынсыз жоголуп, аларга карата сексуалдык зомбулук уланып жатканын айтышты. Бишкек шаардык кеңештин жетекчилиги бул маселени талкуулоо сунушун четке кагып, Май майрамдары менен алектенип жатат дешти. Ал арада жакында эле Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде колу-буту байланып, оозу желим менен чапталган баланын сөөгү табылганы айтылууда. Ак-Ордонун тургуну, беш жарым жаштагы Исманалы уулу Избектин сөөгү 27-апрелде чоң Чүй каналынан табылды. (RK)

XS
SM
MD
LG