Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Оштогу өзбек ишкерлер: Бизге кысым болгон жок


Бүгүн Ошто Араван районунан келген 5-6 ишкер маалымат жыйын өткөрдү. Алар өзүлөрүн тааныштырып, өзбек тектүү тургундар экенин айтышты. Айрым маалымат булактарында "Кыргызстандын түштүк облустарында өзбек ишкерлерге жергиликтүү бандиттик топтор жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү күн көрсөтпөй, тоноп жатат" деген маалымат калп дешти.

Маалымат жыйынынын катышуучусу Атабек Абакулов мындай маалыматты эки элдин ортосуна чок салып, кайрадан чыр баштоого кызыкдар күчтөр таратып жатат деген оюн билдирди.

Жакында өзбек тилдүү harakat.net сайтында Араван районундагы "Ак ниет" пахта тазалоочу заводунун директору Ота Абакулов каржы полициясына ар бир вагон пахтадан 150 доллардан төлөп жатат жана аны кылмыштуу топтор да коркутуп жатышат деп жазылган макала чыккан. Ал "Түштүк Кыргызстан бандиттери" деп аталат. Макалада Абакуловдон башка ишкерлер боюнча да жазылган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG