Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Украинада Юлия Тимошенко ооруканага жаткырылды


Ю.Тимошенко
Ю.Тимошенко
Өлкөнүн мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко Харьковдогу түрмөдөн бүгүн ооруканага көчүрүлдү. Ал ачкачылык жарыялаганына үч апта болгон. Эми анын ден-соолугуна германиялык догдур Луц Хармс көз салып турмакчы. Өкмөттү жетектеп турган чакта өлкөгө зыянга турган келишимдерге кол койгон деген айып менен 7 жылга түрмөгө кесилген Тимошенко жергиликтүү дарыгерлерден баш тарткан эле.

Кечээ Украина ушул аптада Ялтада өтүшү керек болгон Чыгыш Европа лидерлеринин саммитин кийинкиге жылдырууга аргасыз болду. Анткени Тимошенконун түрмөдөгү абалына камтамачылык билдирип, саммиттин көптөгөн катышуучулары ага келүүдөн баш тартышкан.

XS
SM
MD
LG