Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Сирияда БУУнун миссиясы бараткан жолдо жардыруу болду


Роберт Муд
Роберт Муд
Жардыруу бүгүн түштүктө болгону, Улуттар уюмунун байкоочулар миссиясын жетектеген генерал Роберт Муд менен башка өкүлдөрү аман калышканы айтылууда. Associated Press маалымат агенттиги Дараа шаарындагы бул жардыруудан сириялык алты аскер жарадар болгонун кабарлады.

Ал арада бүгүн "Asharq al-Awsat" гезити оппозициянын колбашчысы Рияд-ал-Ассадга шилтеме жасап, Улуттар уюмунун атышууларды токтотуу планына карабай, оппозиция аскерий операцияларды кайра башташы мүмкүн экенин, анткени “муну эл талап кылып жатканын” жазды. Кечээ БУУ менен Арап лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Кофи Аннан Сирия “граждандык согуштун жарында турат” деп билдирген эле.

XS
SM
MD
LG