Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Оштун Амир-Темур районуна суу күн сайын берилет


Ош шаардык мэриясы тараткан маалымат боюнча, аталган районго аптасына үч гана жолу таза суу берилет деген сөз чындыкка жатпайт. Мэриянын маалыматы боюнча кышында 12 саатка чейин, жайында күнү-түнү суу берилип жатат. Бул маалыматты райондун тургундары да тастыктайт. Бирок тамаркадагы сугат иштерине суу маселеси чечилбей турганын айтышууда. Ушул тапта Дүйнөлүк банк бөлгөн каражат менен аталган аймакка суу чыгаруу иштери жүрүүдө деп маалымдайт түштүк борборунун мэриясы.

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Ошто иш сапар менен жүргөн учурда Амир-Темур районуна жумасына үч гана жолу таза суу барат деп билдирген жана бул маселени шаар бийлиги тезинен чечиши керектигин айткан эле.

Амир-Темур кичи району Оштогу эли жыш жайгашкан аймак болуп саналат. (SE)

XS
SM
MD
LG