Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Гаагада бүгүн Ратко Младичтин соту башталды


Р.Младичтин соту, Гаага, 16-май, 2012
Р.Младичтин соту, Гаага, 16-май, 2012
Босниялык сербдердин армиясынын мурдагы башчысы, генерал Ратко Младич 1990-жылдары Босниядагы согуш маалында мусулмандарды кырган жана башка согуш кылмыштарына катышкан деп соттолууда. Бүгүн айыпты мурдагы Югославия боюнча Гаагадагы эл аралык трибуналда окушту. Младичке согуш кылмыштары, адамгерчиликке каршы кылмыштар боюнча 11 башка айып тагылууда.

Ал 1995-жылы Сребреницада 8 миңдей мусулман эркектерди кырган деп да күнөөлөнүп жатат. 70 жаштагы Младич 15 жыл соттон качып жүрүп, былтыр Сербияда кармалган болчу. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып жатат. Босниядагы согушта 100 миңден ашуун адам өлгөн, 2 миллион 200 миңдей киши там-жайсыз калган.

XS
SM
MD
LG