Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Түндүк Корея өзөктүк реакторунун ишин кайра жандандырды


Бул тууралуу Түштүк Кореянын маалымат каражаттары кабарлашты. Алардын кабары АКШдагы Жон Хопкинс университетинин АКШ-Корея институтуна караштуу “38 Түндүк” интернет сайтына жайгаштырылган маалыматка негизделген. Ал маалыматта айтылгандай, 30-апрелде спутниктен алынган сүрөттөр Түндүк Корея жеңил сууда иштөөчү өзөктүк реакторунда былтыр декабрда токтогон ишти кайра жандандырганын көргөзүүдө.

Бул америкалык окумуштуулардын пикиринде,”Түндүк Кореянын келечекте өзөктүк курал арсеналын кеңейтүүдө алга жылууну көздөгөнүнүн маанилүү далили".

Окумуштуулардын эсебинде, азыр эксперименталдык деп саналган өзөктүк реактор бир-эки жылдын аралыгында толук кандуу иштеп калуусу мүмкүн. Бул реактор - башка реакторлордун, анын ичинде уран байытуучу Йонбон өзөктүк жайындагы реактордун прототиби.

Өзөктүк реактордо иштин жандануусу алдында, өткөн айда Түндүк Корея ракетасын сынап, бирок ал ийгиликсиз аяктаган. Бул окуя Корей жарым аралындагы чыңалууну күчөткөн. (UE)

XS
SM
MD
LG