Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Кыргызстан Камбар-Ата-1 келишиминин негизин сактагысы келет


Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча Орусия менен келишимдин негизги жоболору сакталышын каалайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” президент аппаратынын жетекчи орун басары жана тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Келишимге ылайык, эки тарап ГЭСтин 50 пайыздан үлүшүнө ээлик кылууга тийиш. Буга чейин орусиялык маалымат каражаттары Орусия ГЭСтин 75 пайыз үлүшүн талап кылганын жазып чыгышкан. Сапар Исаков муну жөн гана эксперттик деңгээлдеги сунуш катары сыпаттады.

Узак мөөнөттөгү ири долбоор саналган Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда Кыргызстан коңшу Орусия гана эмес Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. ГЭСтин курулушуна катышууга казак тарап да кызыкдар болууда.Мындан тышкары кыргыз тараптын Нарын суусунун жогору жагында ГЭС куруу сунушун орус тарап эки жуманын ичинде карап чыкмай болду.

2009-жылы кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну макулдашкан. Орус тарап ГЭСтин курулушу үчүн 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлүүгө убада кылган. Кыргыз тарап бул үчүн "Манастагы" АКШнын аскердик базасын чыгараарын Москвада жарыялаган. Бирок ал аткарылбай, натыйжада Камбар-Ата-1 ГЭСин курулушуна арналган долбоор үзгүлтүккө учураган. (KKs)

XS
SM
MD
LG