Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Францияда жаңы президент жана өкмөт ишин өз айлыктарын кыркуудан баштады


Президенттин жана министрлердин айлык акысын 30% кыркуу боюнча чечим кечээ социалисттик өкмөттүн алгачкы жыйынында кабыл алынды.

Ага ылайык, президент менен премьер-министрдин айлыгы учурдагы 21300 евродон 14910 еврого, министрлердики 14200 евродон 9940 еврго түштү.

Франциянын жаңы президенти Франсуа Олланд жогорку бийликтегилердин айлык акысын кыркууну шайлоо өнөктүгү учурунда убада кылган.

Анын азыркы чечими мурдагы президент Николя Саркозиникинен кескин айырмаланат. Саркози 2007-жылы президенттик кызматка келгенде өз айлык акысын көтөргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG