Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Amnesty International Удальцов менен Навальныйды "абийир туткуну" деп санайт


Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму орусиялык оппозициялык активисттер Удальцов менен Навальныйды "абийир туткуну" деп санайт. Бул эки саясатчы Орусияда өткөн жылдын этегинен бери Кремлге каршы нааразылык иш чаралардын уюштуруучу-активисттери.

Эл аралык уюм Удальцов менен Навальный майдагы демонстрациялардын маалында эч айыпсыз эле полиция тарабынан камакка алынгандыктан, "абийир туткуну" деп тапты. Бул уюмдун Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Сергей Никитин "эки саясатчы өздөрүнүн конституциялык укуктарын пайдалангандыгы үчүн абакка түштү", деп билдирди.

XS
SM
MD
LG