Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Базар-Коргонду дагы сел каптады


Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, 19-майда жааган жаандан Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы 1-май жана Кызыл-Октябрь айылдарында жалпысынан 350дөй турак-жайдын короосун суу каптады. Азыр селдин кесепетин тактоо иштери уланууда.

Сел ошондой эле Жалал-Абаддын Сузак, Аксы жана Ала-Бука райондорунун айрым айылдарында болду. Лейлек районунда Исфана шаарында 20дай үй селден жабыр тартты. Шаарда селден коргоочу дамбаны куруу иштери жаан-чачындан улам толук бүткөрүлбөгөндүктөн, улам суу ташкындап кетти.

Апрель-май айларындагы катуу жааган жаандан жана күндүн тез ысышынан сел жүрүп, андан Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2 миңдей турак-жай зыянга учурады. (EBM)

XS
SM
MD
LG