Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Беловодск: жатак мектептен качкан балдар кайтып келди


Чүй облусундагы Беловодск айылындагы жатак мектептен 18-май түнү Бишкекке качып кеткен балдар кайра алынып келинди. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Керез Жукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, балдарга жатак мектепте күч колдонулган эмес.

Кечээ Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынан депутат Ширин Айтматова жатак мектепте балдар ур-токмокко кабылып, 6 бала жөө-жалаңдап Бишкекке качып келгенин, ал өзү укук коргоочулар, тартип коргоо органдары менен барганда, жатак мектептин деректири киргизбей жатканын Twitter барагына жазып чыккан болчу.

Андан мурдарак укук коргоочулар жатак мектептеги балдар күч менен талаада ишке салынганын айтып чыгышкан эле. Мектептин жЖетекчилиги болмо мындай дооматтарды четке кагууда.

Бул мектепте тартиби начар деп каттоодо турган 11 жаштан 14 жашка чейин 64 бала окуйт. (EBM)

XS
SM
MD
LG