Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Обама: Европадагы карыз кризиси боюнча “мунаса табылганы жатат”


Эки күндүк саммит АКШнын президентинин Кемп-Дэвиддеги резиденциясында өткөн. Анын жыйынтыгында журналисттердин суроолоруна жооп берген америкалык президент Барак Обама: “Баардык лидердер Европанын экономикасынын стабилдүү өнүгүшү ар бирибиздин кызыкчылыгыбызга туура келээрин, бул үчүн өнүгүүнү, жаңы жумуш орундарын камсыз кылыш зарыл экенин түшүндүк”, - деп айтты.

Европадагы экономикалык кризис бул саммиттин башкы темасы болоору алдын ала эле айтылган. Азыр карыз кризисинин айынан экинчи жолу эрте шайлоодо парламентин шайлаганы жаткан Грециядагы саясий туңгуюк өлкөнүн еврозонадан чыгышына алып келиши мүмкүн делген. Обама болсо “Чоң сегиздин” мүчөлөрү Греция еврозонада калышын жактай тургандыктарын айтты.

"Биз күчтүү жана стабилдүү еврозона сакталышы керектигине кошулабыз жана Греция анын мүчөсү болуп кала беришине кызыкдар экенибизди белгиледик, - деди Обама. - Ошол эле маалда өлкө өзүнө алган милдеттенмелерди аткарышы керек дейбиз. Албетте, ушундай оор кырдаалда грек эли көп курмандыкка барып жатканын түшүнүп турабыз".

Обама, мындан сырткары, сегиз өнүккөн индустриалдык мамлекеттин лидерлери эл аралык маселелерде да тил табыша алышканын, анын ичинде, Иран, Сирия жана Түндүк Корея боюнча позицияларын бекемдешкенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG