Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

Италияда бүгүн жер титирөөдөн үч адам набыт болду


Күчү 5,9 баллды түзгөн зилзаланын очогу Болоньяда катталды. Айрым имараттар бир аз жабыркаганы кабарланууда. Миланда бир топ өкмөттүк мекемелердин кызматкерлери эвакуацияланышты. Быйыл январда Италиянын түндүгүндө да жер титиреген. Анда эч кандай жоготуу болгон эмес. Ал эми 1999-жылкы зилзаланын күчү 6,3 баллга жетип, андан борбордук Италияда 300дөн ашуун адам мерт болгон эле.

XS
SM
MD
LG