Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:49

Тимошенко чет өлкөгө дарыяланууга чыгарылбайт


Украинанын президенти Виктор Янукович оппозициянын абактагы лидери Юлия Тимошенконун чет мамлекетте дарылануусуна мыйзам жол койбосун улуттук телеканалага берген интервьюда айтты. Германиянын канцлери Ангела Меркель экс-премьер Тимошенконун өлкөдө дарылануусун сунуш кылып, болбосо Украинада болчу Еврочемпионаттын беттешүүлөрүнө бойкот жарыяланышы ыктымал экенин эскерткен. Европанын футбол боюнча чемпионаты 8-июнда Польшада башталып, кээ бир оюндар Украинда ойнолот. 51 жаштагы Юлия Тимошенко премьер кезинде кызматын натуура пайдаланды деп былтыр октябрда жети жылга кесилген. Тимошенко өзүн Януковичтин өч алуусунун курмандыгымын деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG