Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Локберби жардыруусу үчүн айыпталган Меграхи көз жумду


1988-жылы Шотландиянын Локберби шаарынын үстүндө Лондондон Нью-Йоркко учуп бараткан Пан Америка компаниясынын учагын жардырды деп соттолгон Абделбасет Меграхи Триполидеги үйүндө рактан көз жумганы маалымдалды. Жардыруудан учактагы 259 адам жана жердеги 11 адам набыт болгон. Жардырууга байланыштуу 2001-жылы Голландияда Ливиянын чалгындоо кызматынын мурдакы офицери, 59 жаштагы Меграхи жалгыз соттолгон. Бирок ал 2009-жылы рак ооруусунан улам Шотландиядагы абактан бошотулган. Меграхинин абактан чыгуусу Локберби курмандыктарынын туугандарынын катуу нааразычылыгын жараткан. Меграхи жардырууга эч кандай тиешеси жок экенин айтып жүргөн.

XS
SM
MD
LG