Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

НАТО: Ооганстандан чыгуу стратегиясы


АКШ президенти Барак Обама Ооганстандын башчысы Хамид Карзай менен жолугушууда. Чикаго, 20-май, 2012.
АКШ президенти Барак Обама Ооганстандын башчысы Хамид Карзай менен жолугушууда. Чикаго, 20-май, 2012.

АКШнын Чикаго шаарында НАТОнун саммити өтүп жатат. Ооганстандан чыгуу стратегиясы саммиттин экинчи күнүнүн көңүл чордонундагы маселе.

Чикагодогу саммитте НАТО өлкөлөрү Ооганстанда коопсуздук үчүн жоопкерчиликти ооган күчтөрүнүн өзүнө өткөрүү маселеси боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгууга аракеттенүүдө.

Буга чейин мерчемделген пландарга ылайык, Ооганстандагы аскерий аракеттерди жетектөө милдети жергиликтүү күчтөргө 2013-жылдын ортосунда же аягында берилип, 2014-жылдын соңуна карата азыр саны 130 миңди түзгөн эл аралык күчтөрдүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан кетүүсү керек. Бирок аскерлерин ага чейин алып кеткиси келген өлкөлөр да бар. Маселен Франциянын жаңы президенти Франсуа Олланд 3400 француз аскери быйыл чыгарылып кетерин Чикагодон да ырастады. Ал мындай убаданы шайлоо өнөктүгү учурунда берген.

НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Чикагодогу басма сөз жыйында буларды айтты:

- Бул саммит ачык-айкын кулак кагыш кылуучу нерсе – биз Ооганстандагы операциялар боюнча милдеттемелерибизди карманарыбыз. Биз негизги жоопкерчиликти оогандарга 2010-жылы Лиссабондо кездешкен кезде макулдашкан план боюнча өткөрүүнү улантабыз.

НАТО өлкөлөрү Ооганстандан 2014-жылы чыгуу стратегиясын мындан бир жарым жыл мурда Лиссабондогу саммитте эле макулдашкан.

АКШ президенти Барак Обаманын айтымында, азыркы саммиттин максаты – ошол стратегияны кантип ишке ашыруу жагын чечүү:

- Биз туура жолдо экендигибизге ишенебиз. Азыр НАТО саммити чагылдырып турган нерсе - дүйнө биз мерчемдеген стратегияны колдоору. Эми биздин милдет ал стратегияны эффективдүү ишке ашыруу. Мен биз муну бир жагынан ооган элинин эбегейсиз кубатынан жана туруктуулугунан улам да жасай алабыз деген ишенимдемин.

Барак Обама саммиттин алгачкы күнү ооган президенти Хамид Карзай менен өзүнчө сүйлөшүү өткөрүп, алдыда али оор күндөр бардыгын эскертти.

Өз тарабынан ооган президенти Хамид Карзай америкалык салык төлөөчүлөргө Талибанга жана “ал-Каидага” каршы бир нече жылга созулган уруштун чыгымын көтөргөнүнө ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:

- Ооганстан өткөөл жараянды 2013-жылы, ал эми биздин өнөктөштөрдүн чыгып кетүүсүн 2014-жылы аяктоого дилгирлигин дагы бир жолу ырастады. Ооганстан андан ары биздин достордун жана эл аралык коомчулуктун мойнундагы жүк болбойт.

Анткен менен НАТО аскерлери 2014-жылы чыгып кеткенден кийин ооган коопсуздук күчтөрүн каржылык жактан колдоо вазийпасы турат. Ооган армиясы менен полициясына узак мөөнөттүү колдоо көргөзүү да Чикаго саммитинин күн тартибиндеги маселе.

Америкалык “Вашингтон Пост” гезитинин жазганына караганда, Ооганстандын өзүнүн аскер жана полиция күчтөрүнүн саны быйыл күздө 352 миңге жетери күтүлүүдө. Былтыр аларды кармоого, машыктырууга, жабдууга кеткен 12 миллиард доллардын 95 пайызын Кошмо Штаттар көтөргөн.

Улуттук дүң өндүрүшүнүн жылдык көлөмү 17 миллиард доллар болгон Ооганстан өзү мынчалык санда аскер күчүн кармай албайт.

АКШ администрациясынын болжолуна жана эсептерине караганда, Ооганстанда коопсуздук кырдаалы жакшырып, аскер жана полиция күчтөрүнүн саны үчтөн бирге кыскарган күндө деле аларды кармоого жылына 4, 1 миллиард доллар талап кылынат. Кошмо Штаттар мунун жарымын көтөрүүгө ниеттенүүдө. Ал эми НАТО боюнча өнөктөштөрдөн 2015-2017-жылдардын аралыгында жылына 1,3 миллиард доллар ажыратуу суралууда.

Чикаго саммитине НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери, ооган президенти менен катар Пакистан президенти Асиф Али Зардари да барды. Пакистандын кызматташтыгы НАТО үчүн Ооганстандан аскерлерин жана жарак-жабдыгын чыгарууда чечүүчү мааниге ээ. Пакистан НАТО үчүн өзүнүн автожолдорун былтыр ноябрдагы аба соккуда 24 аскери мерт болгондон кийин жаап койгон. АКШ жана НАТО Пакистан президенти эми жолдордун кайра ачылышына көнөт деп үмүттөнүүдө.

Жогорку деңгээлдеги баардык эл аралык жыйындардай эле НАТОнун бул жолку саммити да нааразылык акциялары менен коштолду.

Ооганстандагы согуштан тартып, климаттын өзгөрүүсүнө чейинки маселелерге нааразылык билдирген жүздөгөн демонстранттар Чикагонун саммит өтүп жаткан ишкер борборунда полиция менен кагылышты. Кагылыштын артынан кеминде 45тей киши камакка алынган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG