Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Тбилиси-Бакы чек арадагы калпыстыкты тез жөндөдү


Зыяратчылар Азербайжан территориясындагы Грузин ортодокс монастрына дүйшөмбү күнү кайра келе баштады. Ай башында Азери өкмөтү VI кылымда курулган кечилкананын бир бөлүгү өлкө ичиндеги маанилүү стратегиялык бийиктикте жатканын айтып, зыяратчылардын зыяпатка келүүсүнө уруксат бербей койгон эле. Эки өлкөнүн президенттери Чикагодогу НАТО саммитинен тыш убакта кездешкенден кийин, байыркы кечилкананы көрүүнү каалган грузин жарандарына жол кайра ачылды. Грузия жана Азербайжан эки ортодогу чек араны СССР кыйрагандан бери тактап, мыйзамдаштыра албай жүрөт. 20дан ашуун чиркөөдөн, бир нече үңкүрдөн турган монастр 25 чарчы чакырымдай жерде жайгашкан.

XS
SM
MD
LG