Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Кыргызстан АКШга виза мөөнөтүн узартууну сунуштоодо


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын консулдук суроолор боюнча жардамчысы Женис Жейкобс менен Вашингтондогу жолугушуусунда кыргыз жарандарынын туристтик, студенттик жана ишкердик визаларынын мөөнөтүн 5 жылга чейин узартууну сунуштады. Жейкобс маселени АКШнын Мамлекеттик департаменти тез аранын ичинде дыкат изилдеп чыгып, АКШнын ички коопсуздук министрлигине кароого жөнөтөрүн билдирди. Ошондой эле кыргыз министри АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк менен кезикти. Талкуунун жүрүшүндө тараптар жыл сайын өткөрүлүп туруучу кыргыз-америкалык кеңешменин экинчи айлампасын өткөрүү убактысын, Ооганстандагы кырдаалды жана Кыргызстандан бул өлкөгө товар ташуунун көлөмүн көбөйтүү маселесин талкуулашты. (KKs)

XS
SM
MD
LG