Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Азербайжанда бүгүн “Евровидение” сынагынын финалы болот


Оппозиция активисттери кармалган учур. 25-май, Баку.
Оппозиция активисттери кармалган учур. 25-май, Баку.
Эл аралык ыр мелдешинин Бакуда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат бирде башталуучу финалына 26 конкурсант чыкты.

Адатта сынакты сыналгыдан дүйнө боюнча 100 миллиондой киши көрөт. Мелдештин финалы алдында кечээ азери полициясы Бакуда өкмөткө каршы чыккан ондогон демонстранттарды кармады.

Азербайжандын авторитардык деп саналган өкмөтү “Евровидение” ыр мелдешин кара майга бай өлкөсүн заманбап жана бакубат мамлекет катары көрсөтүүгө умтулса, оппозиция активисттери эл аралык маалымат каражаттарынын көңүлүн адам укуктарынын абалына бурууга умтулушту.

Оппозициядагы "Элдик майдан" партиясынын Бакудагы кечээги демонстрацияга байланыштуу бүгүн полицияга чакырылган лидери Али Керимли мындай дейт:

- Биз “Евровидение” Азербайжанга көңүл бурдурат деп күткөнбүз. Бул ишке ашты. Акыркы айларда Европанын таасирлүү маалымат каражаттары Азербайжанга, анын проблемаларына көңүл бурду. Биз буга канааттандык. Бирок, тилеке каршы, Азербайжандын бийликтери өлкөдөгү кырдаалды жакшыртуу боюнча эч нерсе жасашпады. Бул мүмкүнчүлүктү Азербайжанда акыр-аягында реформа башталганын бүткүл дүйнөгө көрсөтүү үчүн пайдаланышкан жок.

Эл аралык уюмдар Азербайжанда адам укуктары боюнча абалдын начардыгын, сөз жана жыйналуу эркиндиги чектелерин, адамдар бийликке оппозицияда турганы үчүн түрмөгө түшүп каларын такай белгилеп келишет. (UE)

XS
SM
MD
LG