Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

Египет: шайлоонун 2-туруна чыккандар колдоо издөөдө


Шайлоонун июнга белгиленген экинчи айлампасы алдында ага чыккан секулярдык жана исламчыл күчтөрдүн талапкерлери өз тарабына башка атаандаштарын тартууга аракеттенишүүдө. Биринчи айлампанын бейрасмий жыйынтыктарына караганда, экинчи айлампада исламчыл “Мусулман агаиндер” кыймылынын талапкери Мохаммед Мурси жана Египеттин аскер-аба күчтөрүнүн мурдагы командачысы, мурдагы президент Хосни Мубарактын бийлигинин акыркы күндөрү бир ай премьер-министр болгон Ахмед Шафик атаандашат.

Ал эми биринчи айлампада үчүнчү орунду алат деп күтүлгөн солчул “аль-Карама” партиясынын лидери Хамдин Саббахи мыйзам бузуулар болгонун, атап айтканда аскерге чакырылгандар мыйзамсыз добуш бергенин айтууда.

Биринчи айлампанын расмий жыйынтыгы алдыдагы шейшембиде чыгары күтүлүүдө. Экинчи айлампа 16-17-июнда өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG